Элзар Өскөнбаева – Чиркин өмүр (+текст)

Опубликовано: 22 Декабрь 2024
на канале: Muras
5,147
39

Сөзү: Жеңишгүл Өзүбекова
Обону: Сталбек Бактыгулов

Чиркин өмүр, чиркин өмүр
Чимирилип, ашыгабы?
Кээде гана чалкып көңүл
Деңиз болуп ташыганы….

Чиркин өмүр жомогум (ай)
Бир кайрылган коногум (ай)
Кызыгыңа канбайм неге
Бүтпөс сага соболум (ай)

Чиркин өмүр, чиркин өмүр
Санайт күндү кеги бардай
Чаалыкпастан чуркай берет
Чийип койгон чеги бардай

Чиркин өмүр, чиркин өмүр
Кызыл гүлдөй ачылганы
Кызыгына кангычакты
Кырдан ылдый жашынганы

#чиркиномур #элзаросконбаева #кыргызчамузыка #асылбекозубеков #2023