Асылбек Өзүбеков — Кантип жетем //Түгөйүм болчу бүгүн (+текст)

Опубликовано: 14 Май 2025
на канале: Muras
8,518
71

Асылбек Өзүбеков — Кантип жетем?

Сөзү: Б.Карагулова
Обону: Доктуркан

Сүйүүмү сунсам сага,
Сүйүүмө болбой даба.
Ооруган жүрөгүмдү,
Оорутуп койдуң кайра.

Көкөлөп көккө төбөм,
Кыялда эрдиң өбөм
Ырахат тартууласаң
Ыр менен жашым төгөм.

Сүйүүнүн жолу бекем,
Байкабай сүйдүм белем.
Өзөктү өрттөп кеткен,
Өзүңө кантип жетем?

Түртүшүп турмуш жүгүн,
Түшкүчө иңир күүгүм.
Тагдырга табалатпай,
Түгөйүм болчу бүгүн