Асылбек Өзүбеков – Жан эрмегим (+ текст)

Опубликовано: 13 Апрель 2025
на канале: Muras
2,895
21

Казак ыры

Тагдыр колдоп кечээ бизди,
Табыштырган экөөбүздү.
Махабаттын гүлүн терген
Майрам күнгө жетебизби?
«Жолугабыз, келем» - дедиң,
Жолуң карап элеңдедим.
Сарсанаага саласыңбы
Сагындырып, жан эрмегим?

Жүрөгүмдү аркандадың,
Бирок неге барк албадың?
Акылымдан адашкандай
Айтаар сөздү айта албадым.
Андан бери далай-далай,
Айлар өттү абайлабай.
Өзүң берген жалгыз сүрөт
Карек талды карай-карай…

Сагынычты таратпады,
Кантем жүрөк канатканын.
Өзүң деген ыйык сезим
Өмүр бою калат, жаным.