КОЛ СУНСАҢ БОЛО
Сөзү, обону: Камчыбек Жусупов
Махабат кенчине сен кансаң боло,
Мага шоола чачып сен жансаң боло?
Мезгилибиз өтүп кете электе
Мен үчүн колуңду сен сунсаң боло?...
Сен сунсаң боло,
Мен үчүн колуңду сен сунсаң боло?...
Сен тартынба, жаш ылгабайм каралдым
Билем сени, намыска бек адамсың
Мен өзүңдөн үмүт үзбөйм эч качан
Сен мен үчүн бир гана жолу жаралдың
Бир жолу эле, бир жолу эле
Сен мен үчүн бир гана долу жаралдың.
Бак берсе деп өмүр бою көгөрдүм
Бак бербесе ага деле көнөрмүн.
Эгер мага кол сунбасаң эч качан
Таалайыма жазылганын көрөрмүн.
Таалайыма, таалайыма
Маңдайыма жазылганын көрөрмүн.
#ДинараАкулова #КамчыбекЖусупов #ретро #кыргызырлары