Асылбек Өзүбеков — Жаштыгым менен сырдашуу (+текст)

Опубликовано: 03 Апрель 2025
на канале: Muras
5,688
49

Сөзү КЫЯЛБЕК УРМАНБЕТОВ
Обону АСЫЛБЕК ӨЗҮБЕКОВ

Ойносом көңүл ток эле,
Ооматы ойдо жок эле.
От болуп күйгөн мезгилде,
Отуз жаш ойдо жок эле.
Абайлап жүрбөй кокустан,
Ашыпмын бүгүн отуздан.
Ой, эми шашпа кайда деп,
Артымдан жанат отуз шам.

Күлкүдөн кумар таркабай,
Кырк жашты салдым аркага.
Өмүрдүн кызык учурун,
Өткөргөн экем байкабай.
Салтанат күүсүн көп угам,
Шаңданып калам мен улам.
Кырчындай кыздар турганда,
Кырк жаштан өтүп не кылам?

Карылык деген кашаң ат,
Картайтат экен жакалап.
Картайтса мейли картайтсын,
Картайтпайт бизди махабат.
Оюмдун түбү бүтө элек,
Жаштыктын оту өчө элек.
Түшсө да бырыш чекеге,
Жүрөккө бырыш түшө элек.