Ак калпак күнү

Опубликовано: 12 Февраль 2025
на канале: Hussain Karasaev
381
16

Жылда 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына Ак калпак куну белгиленет. Бул күн Жогорку Кенештин 2016-жылдын 29-июнундагы №825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган. Ак калпак күнү бүгүн Каракол шаарынын борбордук аянтындагы дагы орун алды. Ага Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин мугалимдери жана окуучулар дагы катышышты. Иш-чарада бардык мырзалар ак калпак кийишип, патриоттук ырлар жаңырып, флешмоб уюштурулду. Учурдан пайдаланып жалпы кыргыз элин улуттук баш кийим болгон Ак Калпак күнү менен жалпы жамаатыбыздын атынан куттуктайбыз!