💥Биздин мугалим!

Опубликовано: 12 Февраль 2025
на канале: Hussain Karasaev
163
3

Мугалим –бүтүндөй бир муунду, келечекти калыпка салган кеменгер. Анын жетишкендиги кайсы бир мезгилди оңдогондой болсо, кемчилиги кайсы бир мезгилди талкалагандай болот. Ар бир баланын келечеги, жашоого болгон көз карашы, турмушка болгон даярдыгы мугалимдин эмгегинен көз каранды.Ошондуктан мугалимдин адамзат турмушундагы орду эбегейсиз.Түмөн түйшүк, жогорку жоопкерчиликке карабай жер кыдырып балдарга билим берген агай-эжейлер өзүнчө алкоого арзыйт. Өлкөдөгү жаш муундун келечеги үчүн чет өлкөдөн келип же бир облустан экинчи облуска барып билим берген мугалимдер биздин Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинде дагы арбын. Алардын бири Талас облусунда туулган Тилектеш Сатаев. Тилектеш агай учурда тарых сабагынан билим берет. Бул маекте ал өзү окуткан тарых предмети, аны окуучуларга таанытуудагы жаңы ыкмалар жана келечеке койгон пландары менен бөлүшөт.