Барскоон—Учтурфан—Ак-Суу унаа жолунун Кара-Сай айылынан №6 чек ара заставасына чейин узундугу 58 чакырым жолду оңдоо-калыбына келтирүү иштери аяктоо алдында турат.
Жалпысынан пландалган иштердин 70 пайызы аткарылды.
Тактап айтканда, 192-111-чакырым, 111-115-чакырымдар аралыгындагы 7 серпантинде 90 пайыз жумуш аткарылды.
Ошондой эле, 115-120-чакырымдарында эки ашуунун жолун шагыл менен тегиздөө жумуштары 80 пайызга аяктады.
120-132- чакырымындагы калыбына келтирүү иштери 80 пайызга аткарылган.
#барскоон #жол #жанылыктар #кыргызстан