Бишкек — Ош унаа жолунда, анын ичинде Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү участокто жол тыгынын азайтуу максатында курулуп жаткан жолдун узундугу 14 чакырымды түзөт.
Жол эки тараптуу 4 катар болот. Анда Кара дарыянын үстүнөн өткөн 200 метрлик көпүрө жана Жазы дарыясынын үстүнөн 97 метрлик көпүрө курулууда.
Жолдун 8 кечилишине туннель аркылуу өтүүчү жол курулуп, светофор коюлбайт. Азыркы учурда 300 жумушчу жана 112 техника иштеп жатат.