Бакиевдин Көк-Жаңгактагы дачасы: Талкаланып, тытылып, малга толгон боз үйлөр, адам эмес мышык ыйлай турган абалга жеткен.
Мурунку президент К. Бакиевдин мамлекетке өткөн Көк-Жаңгактагы тоо койнунда заманбап шартта салынган дачасы бүгүнкү күндө мышык ыйлай турган абалга жеткен.
Жашыл ааламга курчалган жайда тигилген үч боз үйдүн экөөсүнүн каркасы эле калган, бири кулаган абалда жатат. Эки кабаттуу имараттын айнектери талкаланып, ички дубалы ар кандай жазууларга толгон деп билдирет аймактык кабарчы.