Бишкекте «Батуми» рестораны бузулуп баштады

Опубликовано: 19 Октябрь 2024
на канале: Turmush
80,008
1.1k

Бишкек шаарында Тыналиев көчөсүндө (Жал кичи району) жайгашкан «Батуми» рестораны бузулуп баштады. Анын аянты 1300 чарчы метрди түзөт.

Ресторандын ичинен эмеректер чыгарылды.

Борбор калаанын вице-мэри Нурдан Орунтаев билдиргендей, бул жер 5 жылга ижарага жеңил конструкция куруу үчүн берилген. Бирок ижарачы капиталдык курулуш жүргүзгөн.

«Келишимдин мөөнөтү бүттү. Буга байланыштуу имаратты бузуу чечими кабыл алынган. Ресторандын ордуна сейил бак курулат», - деди Орунтаев.

Ал ресторан 15 күндүн ичинде бузуларын белгиледи.

https://barakelde.org/news:521392