Баткен шаарындагы «Өрүкзар» жана «Алтын бешик» бала бакчаларына санитардык талаптар аткарылбагандыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан 2 миң сомдон айып пул салынды.
Санитардык-эпидемиологиялык борбордун жетекчиси Нурлан Орозалиевдин айтымында, эки бала бакчанын санитардык абалы текшерүүгө алынган. Табылган кемчиликтерге байланыштуу айып пул салынган.
Ал эми «Өрүкзар» бала бакчасынын директору Мээринса Тиллабаева аталган бала бакчада санитардык норма сакталгандыгын, айып туура эмес салынгандыгын билдирди. Текшерүү учурунда бала бакчана келген 375 баланын ичинен бир кыздын башынан бит табылган. Андан дезинфекциялоо жүргүзүлдү.