Сонун ыр экен || Сагындым сени || Максат Иманалиев

Опубликовано: 16 Май 2025
на канале: Түмөнбай КОЛДОШОВ
57,545
463

“Сагындым сени”

Кара булут каптап асманды,
Тун да менден айды кызганды.
Жароокерим азыр кайдасың?
Сени күтүп тосом ар таңды.

Кайырма:
Карааныңды, жамалыңды,
Бир көрсөм деймин.
Сүйөм дечи, сүйүүм келчи,
Сагындым сени
Жароокерим сагындым сени.

Оору болдуң айыкпай турган,
Барган сайын күчөп ырбаган.
Кадырымды сезээрсиң бир күн,
Ырларымды уксаң ырдаган...

Сөзүн жазган: Майрамбек Жакшылыков
Обону: Максат Иманалиев