SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев болду.
Ал кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков экөө былтыр 27-ноябрда чек арадагы өткөрмө постунан кармалып, кайра коё берилди делген окуя боюнча, УКМК ага эмне себептен издөө жарыялагандыгы, учурда аткарып жаткан иштери жана үй-бүлөсү, жеке жашоосу тууралуу айтып берди.