Айгерим Расул кызы - КЫРААН КЫРГЫЗ / Жаңы клип 2021

Опубликовано: 09 Ноябрь 2024
на канале: Айгерим Расул кызы
114,388
3.5k

Жүрөк толкуган укканда Манасын,
Көңүл дартына таппаган дабасың.
Даңктап бүтпөгөн үн салып булбулдар,
Баары биригип салса да авазын.

Кайырма:
Ала-Тоого Алтайдан улуу жол улаган,
Кыйың кезеңдин баарына чыдаган,
Кырк уруудан бир журтту кураган,
Алга умтулган.

Чагылган болуп касташкан душманга,
Кааласа учуп, айланган шумкарга.
Кааласа сызып айланган тулпарга.

Кыргызым менин кыйыр кезгениң,
Кылымды басып терең кеткениң.
Аталардан калган Мекеним.

Жарык нур болуп, ыр болуп дастаның,
Ырыс-ынтымак бардыгын сактадың.
Гүлдөп өлкөнүн ар жери өркүндөп,
Дайым ачылып турса дейм асманың.

#АйгеримРасулкызы #КыраанКыргыз