Кыргыз Эл жазуучусу З.Сооронбаеванын “Чоочун киши” романынын негизинде, бүгүнкү замандын талабына ылайыкташып, тартылган сериалда Толкунбек, Жайнагүл, Зыйнат аттуу башкы каармандардын ортосундагы мамиле, сүйүү сезими, ишеним жана чыккынчылык, арам менен адал, жоопкерчилик жана карасанатайлык, жандүйнөнүн күрөшү – кадимки эле жашоодо чырмалышып, өрүлүп отурат.
Кыргыз элинин салттуу маданияты, үй бүлөдөгү ата-эненин, уул-келиндин, небере-чөбөрө өндүү кийинки урпактардын орду өзгөчө бааланат.