Клара Оролбекова - "Жакын элең"
Созу : Рабига Рысбекова
Обону : Нургат Омуркулов
Жакын элең жаралгандай жанымдан,
Жакшы көрдүм, жандай көрдүм баарынан.
Жалбырттаган махабаттар тез өчүп,
Кыйын экен алыстардан сагынган.
Учурунда баш айланып сүйгөнмүн,
Кызгануудан жалын болуп күйгөнмүн.
Азыр мени кызыктырбайт ,баары бир,
Кайсыл жакта, кимдер менен жүргөнүң.
Биз экөөбүз эки бөлөк жандардай,
Мамилебиз, сүйүүбүз да жалгандай.
Багытыбыз эки жакка бөлүнүп,
Тагдыр бизди адаштырып салгандай.
#KlaraOrolbekova #jakynelen #КлараОролбекова