Кубаныч Ажыбаев - Сүйүүмдүн формуласы

Опубликовано: 27 Март 2025
на канале: Muras
25,997
113

Сүйүүмдүн формуласы (Издеп келем)
С: Т. Эргешов.
О: К. Рыскулов.

Сүйүүмдүн сүрөттөрү тармалданып,
Жашыган жан дүйнөмдү дүүлүктүрөт.
Жайнаган эки көзүң балбал жанып,
Талпынып колун сунуп, кыт-кыт күлөт.

Эстелик боло бербейт гүлдүн баары,
Кыздарга кызылдарын иргеп берем.
Сен үчүн сыздап жүрүп ыр жаратып,
Өзүмдү тереңдиктен издеп келем.

Чыркырап чокту баскан наристедей,
Чымырап сезимдерим чыдай албай.
Сүйүүмдүн формуласы өзүң болуп,
Кыйналдым сени туура чыгара албай.