Дүйнөнүн жети кереметинин тизмеси мындан 2000 жыл ашуун мурда байыркы гректер тарабынан түзүлгөн экен. Ал алгачкы жети кереметтин азыр жалгызы - Египеттеги пирамидалар гана бар. Калгандары жер титирөөдөн же өрттөн улам мындан жүздөгөн жылдар илгээри кыйраган.